Марал Радиосу

Тандалган, бирок такталбаган Башмыйзам

Эки айдан бери Башмыйзамды өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жаткан Конституциялык кеңешме бүгүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев сунушталып жаткан долбоордо негизинен элдин бийлиги күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Жаңы Башмыйзамда элдин бийлигин колубуздан келишинче күчөттүк. Биринчиси, биз түз шайлоону кайра алып келип жатабыз. Экинчиси, коомчулуктун өкүлү болгон элдик курултайдын ыйгарым укуктарын кеңейттик. Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттарын артка чакыртып алууну киргиздик».

Башмыйзамдын жаңы долбоорунда негизинен өлкөнү башкаруу формасы президенттикке ылайыкташтырылып, анын укуктары кеңейтилген. Ал өкмөттүн ишин да толук көзөмөлдөй алат. Ал эми президенттин аппарат башчысы министрлер кабинетин кошо жетектейт.

«Башкача айтканда, бир адам эки кызматты аркалайт. Биз президенттик башкаруу формасына бара жатабыз, андыктан президент өзүнүн администрациясы менен чогуу жоопкерчилик алышы керек. Азыркы учурда көп маселе «Ак үйдүн» аппаратында чечилет. Бирок жооп берген дайыма өкмөт болуп келген. «Кош бийлик түзүлүп калбасын» деп жатабыз. Өкмөт деген жок, министрлер кабинети болуп калат», — дейт Бөрүбашев.

Ал эми парламент 90 депутаттан турат. Бекбосун Бөрүбашев долбоордо өлкөнү башкаруу формасы президенттик формага өткөнү менен парламенттин укуктары кыскартылбаганын билдирди. Ал мурдагыдай эле бийлик органдарынын ишине, кадр тандоо иштерине катышат.

«Жогорку Кеңеш бардык бийлик органдарынын ишине, кадр тандоо жана башка маселесине катышат. Алар Сотторду тандоо кеңешин бекитет. Ал эми президентти аткаруу бийлигинин башына коюп жатабыз. «Керт башы менен жооп берет» деген жобо турат. «Президентке көп ыйгарым укук кетип калды», — деп жатышат. Ал мамлекеттин, аткаруу бийлигинин башчысы, ички-тышкы саясатты аныктайт, Конституциянын кепили болот, мамлекеттик бийликтин ымалалашып иштөөсүн камсыздайт. Мындай милдеттерди бергенден кийин ошончо ыйгарым укуктарды кошо бердик».

Бирок, жаңы долбоордо парламенттин шайлоо системасы көрсөтүлгөн эмес. Кеңешменин төрагасы парламентти шайлоо системасын Жогорку Кеңеш өзү аныктай турганын билдирди.

Андан тышкары социалдык маанидеги жетим-жесирлердин укуктарын коргогон, пенсионерлер менен жөлөк пул алгандардын укуктарын кеңейткен беренелер киргизилген. Ага катар «сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт» деген берене киргизилген.

Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын долбоорунун биринчи вариантын былтыр 11-декабрда даярдаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң, аны Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Exit mobile version