Марал Радиосу

Жаңы Конституция: Президенттин аппарат башчысы өкмөттү да жетектейт

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Президенттин аппаратынын жетекчиси аткаруу бийлигин да башкарат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов 26-январдагы жыйында кабарлады.

«Биринчиден, биз президенттик башкаруу формасына өтүп жатабыз. Экинчиден, практика көрсөткөндөй, көптөгөн маселелер президенттик аппаратта чечилип, жоопкерчилик өкмөттө болот. Биз мындай вариантты талкуулап, киргизүүнү чечтик», — деди Бөрүбашев.

Бүгүн Башмыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме жыйынга чогулду. Анда айтылгандай, Башмыйзамдын жаңы долбоору эми парламенттин кароосуна жиберилет.