Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун инаугурациясына Жээнбеков менен Отунбаева да чакырылды

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары жана мурдагы премьер-министрлер чакырылганын айткан.

Ошондой эле ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү жана президенттикке ат салышкан талапкерлер да чакырылган.

Инаугурация 28-январда саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.