Марал Радиосу

«Өлкөгө келген жаранда коронавирус байкалса, мамлекет бекер дарылайт»

Кыргызстанга келген жаранда коронавирус байкалса, мамлекет бекер дарылайт. Кыргызстандын жараны болобу же чет элдик болобу, айырма жок, баары мамлекеттин эсебинен дарыланат. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавируска чалдыккандар акысыз дарыланууда.

Эске салсак, ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган.