Марал Радиосу

Бишкекте жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топ кармалды

Финансы полициясынын Бишкек шаардык шаардык башкармалыгы «FRIMA» маркасындагы жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топту кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкекте жасалма кургак сүт өндүргөн жашыруун цех аныкталды. Анда сүт санитардык талаптарга жол бербеген шарттарда даярдалган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси —  «товарларды же кызматтарды мыйзамсыз жасоо» боюнча каттоого алынды.

Учурда жасалма кургак сүт Кыргызстандын башка аймагына да тараганы иликтенүүдө.