Марал Радиосу

«Белизгейт»: Өзүнө каршы иштеген саясий аракет

УКМКнын мурдагы төрагасы, 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев 2016-жылы болгон «Белизгейт» окуясы боюнча кечээ, 25-январдын кечинде камакка алынды. Ага чейин ага Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча кылмыш иши козголуп, 7 сааттан ашык сурак берген болчу. Социалдык тармакта Сегизбаевдин кармалышын куугунтук катары баалашса, айрымдары жаңы президент мурдагы мамлекет башчылардын жолун жолдоп, эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн айтышууда.

2016-жылдын ноябрь айында УКМК «Ата Мекен» фракциясынын үч мүчөсү «Альфа Телекомдун» 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн» деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирген. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырган. «Ата Мекен» фракциясы күнөөсүз экенин, жасалма жана бурмаланган документтер аркылуу каралоо, саясий оюн болуп жатканын айтып чыгышкан.

2018-жылдын октябрында «Ата Мекен» фракциясы «Белизгейт» маселесин карап, аталган документ жасалма экени айтышып, жалган маалымат таратты деп УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылышкан болчу.

Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматынын кечээ, 25-январдагы маалыматына ылайык, сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган иштер УКМКнын мурдагы төрагасынын түз көрсөтмөсү менен жасалган деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, Абдил Сегизбаев Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Экс-депутат Эсенгул Исаковдун пикиринде, Абдил Сегизбаев президенттике талапкер болбосо да, баары бир аталган иш боюнча жоопкерчилиги каралмак. Себеби, эртеби, кечпи, мыйзам бузгандардын иши люстрациянын талабы менен ачыкка чыкмак.

— «Медалдын эки бети бар» дегендей, бүгүнкү күндө ал: «Акмын», — деп жатат, экинчи тарап: «Жок, мындай мыйзам бузган», — деп күнөөлөп жатат. Ошол эле учурда «кызмат абалынан пайдаланган» деген күнөө коюлуп жатат. Абдил Сегизбаевдин соттон актанууга укугу бар, ал эми күнөөлөгөн жак күнөөсүн далилдеши керек. Мына ушуну менен кароо керек, бааны жалгыз гана сот берет.

Ал эми саясат тануучу Эмил Жороев саясий ынтымакты орнотууга убада кылган бийликтин кызмат ордун мындай иштер менен башташы ишеним туудурбаган кубулуштарды пайда кылып жатат деген ойдо.

Президенттик шайлоодон жеңип чыккан Садыр Жапаров өзүнүн колдоочуларына кайрылып, өзүнүн программасынын алкагында да саясий бөлүнүп-жарылууну токтотобуз деген эле. Менимче, андай башталбай жатат. Баштапкы эле окуяларга карай турган болсок, Абдил Сегизбаевдин үстүнөн иш козголду, Равшан Жээнбековдун үстүндө соттук иш бар, Канат Исаевдин дагы бир маселелери бар экен, Курсан Асанов… Демек, анчалык ишеним туудурбаган кубулуштар болуп жатат.  Албетте, «бул кишилердин баары таптаза, кылмыш ишин ачууга эч кандай негиз жок болчу» деп айтууга да негиз жок. Биздин саясатта кандай гана нерселер болгон эмес. Бирок ошенткени менен азыркы кезде жаңы ишке киришип жатканда, мындай иштердин башталышы, менимче, анчалык жакшы эмес болуп турат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, бир да бийлик кеткен бийликтин кетирген кемчиликтерин сабак катары алган жок. Азыркы бийлик деле «биз башкача башкарабыз» деп коюп, мурдагыдай айланып жатат.

Ар бир келген президент, ар бир келген бийлик УКМКны камчы катары жарандарга, саясий оппоненттерге колдонуп келген. Азыркы жаңы келген Садыр Жапаровдун бийлиги деле так ошондой жасап, куугунтуктан баштады. Мунун жыйынтыгы деле жакшы бүтпөйт. Мунун баары буга чейинки президенттерде кандай бүтсө, ошондойго эле алып келет. Куугунтуктан баштабай, реформадан баштаса болмок, бирок бул деле ошол жолго түштү. Жалгыз УКМК менен реформа жасай албайт. Азыркы УКМКны жоюп туруп, долбоорду башкадан түзүү керек. Биринчи кезекте багытын улуттук коопсуздук деп жазышы керек. Булар болсо Советтер Союзунунан баштап, бийликтин коопсуздугун коргоп келген. Биз болсо, улуттук коопсуздук деп, ар бир жаран жөнүндө ойлоно турган орган түзүшүбүз керек.

Ал арада кечээ, 25-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров өзүнүн «Телеграм» каналында тарапташтарына кайрылып, коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кыла турганын, азырынча реформалар баштала электигин жазды.

— Мен бир күн да жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштеп баштайт. Ошентип, май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура ушул жылдын 14-январында экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Мында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана Өмүрбек Текебаевге карата «Белизгейт» окуясы уюштурулуп, мыйзамсыз каралоо, атайылап жалаа жабуу иштери болгон деген жүйө келтирилген. Буга байланыштуу Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз аракеттерге барган деген шек менен суракка чакыртылган.

Exit mobile version