Марал Радиосу

ЖЭБди газдаштыруу «кымбат» кыялдардын бири

Бишкек Жылуулук электр борборунда жылына 1 млн 110 миң тонна көмүр же 4 млрд сомдой каражат сарпталат. Анын 700 миң тоннасы Кара-Кече кенинен, 60 миңи Таш-Көмүрдөн, калган 350 миң тоннасы сырттан сатып алынат. Бул керектөө жыл сайын кыш мезгилдеринде шаарды каптаган кара түтүндүн себеби катары айтылып, Жылуулук электр борборун газга өткөрүү талап кылынып келет. Бирок, 1 куб метр газдын баасы 17,8 сомду түзгөн учурда, газды пайдалануу көмүргө караганда эки эсе кымбатка түшөрүн шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет.

Бул учурда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек Жылуулук электр борборун газга өткөрүү боюнча Өкмөт менен сүйлөшүү жүргөнүн билдирди. Алдаяровдун айтымында, компания ЖЭБ үчүн газдын тарифинен 25 %дык жеңилдик бере алат.

— «Электр станциялар» ААКына, «Улуттук Энергохолдингге», Өкмөткө арзандатуу боюнча сунуштарды бердик. Алар өздөрүнүн эсептөөлөрүн өткөрүп жатат, — деди Алдаяров.

Азыркы учурда Жылуулук электр борборун газга өткөрүү боюнча эки сунуш каралууда. Биринчиси, борбор кышында гана газ менен иштеп, жазында көмүр жагылат. Бул учурда жаратылыш газын керектөө 400 миллион куб метрди түзөт. Экинчи вариант, борборду жыл бою газ менен иштөөгө өткөрүү. Мында  мекеме жылына 520 миллион куб метр газ керектейт.

Бирок буга чейин «Электр станциялар» ААКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азим Жумаев ЖЭБдин бир бөлүгү гана газ менен иштей аларын айткан. Ал эми экинчи бөлүгү көмүргө ылайыкташтырылып курулган.

Балбак Түлөбаев муну менен катар Бишкектеги калктуу конуштарды газдаштырууда баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирген.

Кыргызстанга жаратылыш газы келишим менен сырттан ташылып келет. Орусия Өкмөтү менен болгон макулдашууга ылайык, Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирүү, аны бөлүштүрүү боюнча газ оператору катары «Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн. Андагы газдын тарифи ай сайын доллардын баасына карата жөнгө салынып турат. Учурда 1 куб метр газдын калк үчүн тарифи 17,8 сомду түзүүдө. Ушул эле мезгилде Казакстанда газдын баасы 4,58 сом, Өзбекстанда болсо 3,06 сомдон сатылат. Демек, кошуна өлкөлөрдө бизге салыштырмалуу 4 эсе арзан сатылат. Азамат Алдаяров мунун себеби кошуна мамлекеттерде газ көп өндүрүлгөндүктөн, экспорт жолго коюлганы менен түшүндүрдү.

Деген менен газды бөлүштүрүүчү компания 2014-жылдан бери кирешесиз иштеп келет. Мисалы, компания газдын куб метрин 12,5 сомдон сатып алат. 3,6 сом эксплуатациялык чыгымдарга, 1,3 сому нормативдик жоготууларга кетет. 0,4 сому кызматкерлердин айлык акысына каралып, 17,8 сомдук тариф өзүн өзү жабат. Андан сырткары кызматкерлердин маянасынын 2,2 сомун «Газпром» өзү төлөп берет.

Мурдагы Экономика министри Жеңишбек Байгуттиев эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүүгө барып, сатып алуучу бааны төмөндөтүү керектигин айтат.

«Биринчиден, жаңы өлкө башчысы Орусия менен сүйлөшүүгө барып, бааларды төмөндөтүүгө аракет кылышы керек. Анан Атамбаевдин тушунда «Кыргызгазды» «Газпромго» 1 долларга өткөрүп жиберген. Ошондо Кыргыз мамлекетинин көп кызыкчылыгы эске алынбай калган. Анын жок дегенде 50%ын кайра алуу менен баасын кошо көзөмөлдөп турсак болот. «Кыргызгазды» өзүбүзгө алып, саясатын өзүбүз жүргүзүшүбүз керек. Андан соң, өлкө аймагындагы газга чалгындоо жүргүзүшүбүз керек».

«Газпром Кыргызстан» ишканасы «Кыргызгаздын» сатылуусу боюнча да түшүндүрмө берди. «Кыргызгазды» сатып алгандан кийин анын Казакстан жана Кыргызстан өкмөттөрү алдындагы ири карызын төлөп берүү милдетин алганын билдирет. Ошондой эле, өлкөнү газдаштыруудагы ири долбоорлорду ишке ашырган. Кыргызстан кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу газды аз көлөмдө колдонот. Тактап айтканда, жылына орточо 270 млн куб метр газ керектелет.

Exit mobile version