Марал Радиосу

Былтыр 400 миңге жакын Бирдиктүү салык декларациясы тапшырылды

2020-жылы 388 миң 310 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Анын ичинен 48 миң 896сы юридикалык жак, бул 2019-жылга салыштырмалуу 2541 декларацияга көп.

Ошондой эле 158 миң 775 жеке ишкер, 88 миң 166 жеке жактар, 44 миң 987 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак жана 47 миң 486 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырды.

Юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты «116» номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.