Марал Радиосу

Мексиканын президенти коронавируска чалдыкты

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадорго коронавирус диагнозу коюлду.

«Коронавируска чалдыкканымды билдиргеним үчүн кечирим сурайм. Оорунун белгилери начар, мен дарыланып жатам. Биз ийгиликке жетишебиз», — деди Мексика лидери.

67 жаштагы Лопес Обрадор Улуттук сарайдан мамлекеттик иштерди көзөмөлдөй тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүү 25-январга белгиленген.

Буга чейин Мексиканын лидери Путин менен Орусияда иштелип чыккан вакциналарды Мексикага жеткирүү маселесин талкуулай турганы кабарланган. Тактап айтканда, Мексика «Sputnik-V» вакцинасын да сынап көрүүнү пландап жатат.

Мексикада калк бир нече жумадан бери «Pfizer/BioNTech» вакциналары менен эмделип келет.