Марал Радиосу

Ырчы Анжелика кыздары менен жол кырсыгына кабылды

Ырчы Анжелика Кайратова 23-январда Ысык-Көл облусунун Түп районунда кыздары менен жол кырсыгына кабылды. Учурда Бишкектеги Ортопедия жана травматология борборунда жатканын маалымат катчысы Назгүл Курамаева билдирди.

— Ырчы кечээ Түп районунда автокырсыкка учурап, бүгүн саат 9да бизге которулду. Сабырбек Жумабеков операция кылды. Азыр наркоздо жатат, — деди ал.

Ошондой эле ырчынын беш жашар кызы да жабыркап, учурда Түп райондук ооруканасында экендиги айтылды. Унаадагы калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.