Марал Радиосу

ДССУ 92 өлкөгө вакцина жеткирүү үчүн «Pfizer/BioNTech» менен келишим түздү

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму «Pfizer/BioNTech» компаниясы менен COVAX программасынын алкагында 40 миллион доза коронавирус вакцинасын жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

Ага ылайык, биринчи дозалар 2021-жылдын биринчи кварталында жеткирилет.

«Pfizer/BioNTech» вакциналарды бирдей бөлүштүрүүгө багытталган COVAX демилгесинин алкагында 92 өлкөгө коммерциялык эмес баада вакциналар менен камсыз кылат.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, «AstraZeneca/Oxford» дагы 150 миллион доза вакцинаны COVAX программасынын алкагында жеткириши күтүлүүдө.

Коронавируска каршы вакцинанын таркатылышы февраль айында башталат. Быйыл программа боюнча эки миллиард доза вакцина жеткирүү пландалууда.