Марал Радиосу

«Ботош» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл кармалды

Бүгүн, 22-январда «Ботош» каймана аты менен таанымал кримтөбөл, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Өмүрбек Эркинбаев аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кармалган жаран Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелген.

Ошондой эле 2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен аны камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок ал баш коргоо чарасын бузган.

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.