Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүргүзүлөт

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.

Калкты этап-табы менен эмдөө планы даярдалып, тийиштүү эсеп Каржы министрлигине өткөрүлүп берилди.

Маалыматка караганда, 1-этапта дарыгерлерди, 2-этапта калктын аялуу катмарын эмдөө жүргүзүлөт.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн 1 жана 3-этабын жүргүзүүгө сарпталуучу каражаттын суммасы 226 млн сомду түзөт.

Тобокел тобундагы 371 миң адам эмделет.

2-этапта СOVAX программасынын алкагында тобокел тобундагы 1 млн 200 миң адамга эмдөө жүргүзүүгө вакцинанын 9 түрү сунушталды. Кыргызстан алардын натыйжалуулугуна карап, тандап алат.

Exit mobile version