Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков саламаттыкты сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү.
«Коомчулукта саламаттыкты сактоо тутумунун иштөөсүнүн натыйжалуулугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясын жоюу жаатында кабыл алынып жаткан чараларга, вакциналарды сатып алуу жана аны өлкөгө жеткирүүгө тийиштүү көптөгөн суроолор жаралууда. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек каражаттар департаментине суроолор бар. Күн сайын саламаттыкты сактоо тутумундагы чечимдерди даярдоодо иш-аракеттердин макулдашылбагандыгын байкоодобуз», — деди Новиков.
Ал саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоонун жана эпидемиялык абалга жооп кайтаруунун так планын иштеп чыгууну тапшырды.
«Учурда медиктерди жазалоо, же жоопкерчиликти кимдир-бирөөгө оодаруу милдети турган жок. Көз карандысыз комиссияны түзүүнүн максаты – 2020-жылдын июнь-июль айларындагы түзүлгөн кырдаалдын себебин объективдүү талдоого алуу, ошондой эле келечекте ушундай окуялардын алдын алуу максатында конкреттүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу», — деди Артем Новиков.
Буга катар кеңешмеде саламаттыкты сактоо тутумун оптималдаштыруу маселеси көтөрүлдү.
«Саламаттыкты сактоо тутумундагы моралдык климатты калыбына келтирүү, ошондой эле жарандар үчүн объективдүү маалыматты, анын ичинде COVID-19га каршы вакциналарды каттоо жана ташып келүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча обьективдүү маалыматты жеткирүү маанилүү. COVID-19 программасынын алкагында биздин 1,2 млн жарандарыбызга сегиз түрдүү вакцинаны тандоо мүмкүнчүлүгү сунушталууда», — деп кошумчалады Новиков.
Кеңешменини жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине мекеменин мындан аркы натыйжалуу иши, ошондой эле иш-чаралардын тийиштүү планын кыска мөөнөттө киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.