Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигинде оптималдаштыруу иши жүргүзүлөт

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 516 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинде оптималдаштыруу иши жүргүзүлөт. 22-январда өткөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлагандай, административдик аппарат, жетекчилердин саны кыскартылат.

«Медициналык кызматкерлер кыскартылбайт, себеби Кыргызстанда медиктер жетишсиз», — деди Бейшеналиев.

Министрликтин финансы башкармалыгынын башчысы Мухтар Баймурзаевдин айтымында, оптималдаштыруу иштерине өлкө бюджетинен акча коротулбайт. Юридикалык жактан гана кайра каттоо иштери жасалат.

Оптимизация 125 аймактык деңгээлдеги дарылоо уюмдарында  жүргүзүлөт. Анын 43ү кайрадан түзүлөт. Коомдук саламаттыкты сактоо тутумунда 49 уюм оптимизацияланат.

Республикада болгону 356 саламаттыкты сактоо уюму бар, анын ичинде 49у үй-бүлөлүк медицина борбору, 17си үй-бүлөлүк дарыгерлердин көз карандысыз тобу, 135 оорукана, анын 7си аймактык бириккен оорукана, 40ы аймактык оорукана.

Мындан тышкары, 50 коомдук саламаттыкты сактоо уюму жана башкалар бар.

Оптимизациялоо иштери географиялык жана демографиялык шарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM