Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 118 бейтап катталып, 155и айыкты

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 578 | 0

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 1396га жетти. Акыркы бир суткада Чүй менен Ысык-Көл облустарында эки бейтап көз жумду.

22-январга карата дагы 118 бейтап коронавирус менен катталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 83 миң 703кө жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 155 адам сакайып, айыккандардын жалпы саны 79 миң 664 болду.

Акыркы суткада Бишкекте 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 3 кызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 4163 медикке жугуп, анын 4070и сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM