Марал Радиосу

Бишкекте бала бакчалар февралда ачылат

Бишкекте бала бакчалар февраль айынан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адиси Аэлита Жолчиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Билим берүү башкармалыгы бала бакчаларды өз алдынча ача албайт. Санэпидемкөзөмөл борборунун алгоритми жана мэриянын штабынын талаптарына ылайык иш жүргүзөбүз. Ага ылайык, бала бакчалар февраль айынан тарта иштеп баштайт», — дейт Жолчиева.

Анын айтымында, учурда калаада 11 бала бакча иштеп жатат.