2020-жылдын январь-декабрь айында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 17,6 пайызга жогорулады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда баалар төмөнкүдөй кымбаттаган:
-сарымсак (чеснок) — 1,7 пайыз;
-өсүмдүк майы — 49 пайыз;
-картошка — 48,4 пайыз;
-кумшекер — 31,2 пайыз;
-эт — 26,3 пайыз;
-тооктун жумурткасы — 23,6 пайыз;
-жемиш — 17,6 пайыз;
-ун — 16 пайыз;
-макарон азыктары — 13,7 пайыз;
-жашылча — 10,3 пайыз;
-таза бал — 7,8 пайыз;
-алкоголсуз суусундук — 6,3 пайыз;
-күрүч — 5,7 пайыз;
-майлуугу 2,5 — 3,2 % пастеризацияланган сүт — 5,1 пайыз;
-нан — 4,0 пайыз;
-сырлар- 3,8 пайыз.
Ошол эле учурда айрым азыктардын баасы төмөндөгөн:
-таруу — 7,2 пайыз;
-бисквит торту — 3,4 пайыз;
-тоңдурулган балык — 3,1 пайыз;
-туз — 1,5 пайыз;
-тооктун сан эти (окорочка) — 1,4 пайыз.