Марал Радиосу

22-январда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткендин аймактарында кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймакта, тоо этектеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгили-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз -1…+1° болот.