Марал Радиосу

«Спутник-V» вакцинасынын сактоо температурасы өзгөрдү

«Спутник-V» вакцинасынын сактоо жана ташуу температурасы өзгөрдү. Эми аны -8 градустан +2 градуска чейинки муздактыкта кармоого болот. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко «ТАСС» агенттигине берген маегинде билдирди.

Мурашко вакцинанын каттоосунун өзгөрүшүн министрлик да жактырганын белгилеп, өндүрүүчүлөр көрсөтүлгөн температурада туруктуу сактоону камсыздаганын айтты.

Маалым болгондой, мындан ары бул муздак температура аталган иммунобиологиялык препаратты сактоонун стандарты болуп саналат.

 

Exit mobile version