Марал Радиосу

АКШ Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмуна кайра кирет

Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Жозеф Байден Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жетекчиси Антонио Гутерришке кат жолдоп, уюмга кайра кирүү ниетин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

АКШ Өкмөтү Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунан чыгуу тууралуу 2020-жылдын 6-июлундагы кайрылуусун артка чакырып алды. Ал 2021-жылдын 6-июлунда күчүнө кирмек.

«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жана ден соолук коопсуздугуна коркунуч туудурган COVID-19 пандемиясына каршы дүйнөдөгү күрөштө ДСУ чечүүчү роль ойнойт. Америка мындай коркунучтарга каршы туруунун жана глобалдык саламаттыкты сактоо коопсуздугун күчөтүүнүн толук кандуу катышуучусу жана лидери болуп кала берет», — деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн мурдагы президент Дональд Трамп буга чейин АКШны Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунан чыгарган.