Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер чакырылды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 1597 | 1

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары жана экс-премьер-министрлер чакырылды. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында кабарлады.

Ошондой эле ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү жана президенттикке ат салышкан талапкерлер да чакырылган.

«Ант берүү аземине жалпы 1100 конок чакырылды. Алардын дээрлик 70 %ын шайлаган эл түзөт. Тизме толугу менен аягына чыга элек. Тизме инаугурация башталганга чейин аракетте болот. Кээ бир өзгөртүүлөр болот, күтүүсүз жерден меймандар келип калышы мүмкүн«, — деди Касмамбетов.

Мындан сырткары, ал Садыр Жапаров ант берүү азаеми аяктагандан кийин эле түз эле ишке кирише тургандыгын кошумчалады.

Инаугурация 28-январда саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Нур

    21.01.2021 22:25

    Экс президенттерда чакырылса Бакиев,Акаевдер дагын чакырылсында.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM