Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрүн киргизбөө керек. Алгоритм иштелип чыкты

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 873 | 0

23-январдан тарта Кыргызстанга учак жана унаа менен келген жарандар үчүн акыркы 72 саат ичинде тапшырган ПЧР-анализинин таза чыккан маалымдамалары талап кылынат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында, өлкөгө келүүчү жактар үчүн текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

Учак менен келген жарандар үчүн алгоритм:

-Учакта жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт, келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет.

-аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сакталышы, ПЧР-анализи текшерүүгө алынат.

-клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат.

-ПЧР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусуна байланыштуу, жүйөлүү себептер менен 72 сааттан өтүп кетсе, жаран аэровокзалда тест тапшырат.

Автоунаа менен келгендер үчүн алгоритм:

Унаа менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө кыргызстандык жарандар, чет элдиктер, жарандыгы жок жактардан акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЧР-анализинин таза чыккан маалымдамалары талап кылынат.

-дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет.

-оорунун клиникалык белгилери байкалса, ооруканага жаткырылат.

-байланышта болгон адамдар менен анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM