Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине Кыргызстандан 17 калыс кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Анын арасында тизмеге алгачкы жолу киргизилгендер да бар, алар — Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу.
Бул тизмеге киргендер эл аралык деңгээлдеги оюндарга калыстык кыла алышат.
ФИФАнын арбитрлер тизмесиндеги Кыргызстандын калыстары:
Футбол боюнча калыстар:
-Дайырбек Абдылдаев
-Нурзат Аскат уулу
-Денис Шалаев
-Медербек Тайчиев
-Зайниддин Алимов
-Вероника Бернацкая
Калыстардын жардамчылары:
-Сергей Грищенко
-Исмаил Талипжанов
-Замир Чыныбеков
-Элдияр Салыбаев
-Рамина Цой
-Артем Скопинцев
-Хусан Джалалдинов
-Канат Мырсабеков
Футзал боюнча калыстар:
-Нурдин Букуев
-Чынгыз Мустафаев
-Элдияр Келдибеков.