Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Москвада жумушчу күч жетишсиз, жарандарыбызды керек болсо эшелон менен жөнөтөлү

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 1054 | 0

Кыргызстан Орусия менен авиакаттамдарды калыбына келтириши керек. Болбосо өлкөдө жумушсуздардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров парламент жыйынында айтты.

Ал өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Депутаттын айтымында, пандемия учурунда Кыргызстанга 180 миңдей мекендеш келди, дагы 150дөй адам жумушсуздардын катарына кирди, быйыл дагы 150 миң кирет. Жалпы 500 миңге жакын киши жумушу жок жүрөт.

«Москванын мэри Сергей Собянин бир топ жумуш орундары бошоп, киши жок болуп жатканын айтууда. А биз авиакаттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон, эшелон кылып, балдарыбызды поезд менен жиберишибиз керек. Өкмөт билеттердин баарын жеңилдетип бериши зарыл. Керек болсо жарандарга билет алып берип, 1-2 жылда кайра кайтаргандай шарт түзөлү. Жумуш ордун камсыз кылбасак болбой баратат, мына азыр көрүп жатасыздар, уурулук аябай күч алды. Иш жок болсо, ачка болсо, анан уурулукка барат да. Ошондуктан бул маселени өкмөт кечиктирилгис чара катары көрүп, бир айдын ичинде чечиши керек. Согуш маалында орустун балдарын, завод-фабрикасын, абышка-чалдарын Кыргызстанга ташып келип, жардам бербеди беле?», — деди Акылбек Жапаров.

Пандемияга байланыштуу Орусия 2020-жылдын март айынан бери чек араларын жапкан. Ошондой эле аба каттамдарына чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Бишкек жана Ош шаарларынан Москвага жумасына эки гана каттам бар. 

Copyright © 2017 Maral FM