Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары пайда болот

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 723 | 0

Жогорку Кеңеш «Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» жана «Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карады.

Мыйзамга ылайык, Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон шаарын түзүү демилгеленген.

Базар-Коргон  шаарын түзүү үчүн сунушталып жаткан аймак — 12 миң 424 кожолукта 58 миң 842 адам жашаган, айыл макамына ээ эмес 5 айылды жана 6 калктуу конушту бириктирип турат.

Мындан тышкары жалпы 17 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM