Быйыл 5-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Учууларды Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы аткарат.
Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат.
Учуу узактыгы — 3 саат 35 мүнөт.
Бишкек-Стамбул багыты боюнча авиакаттамдар көбөйтүлөт