Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 162 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 481 | 0

Кыргызстанда 20-январга карата 162 адамдан коронавирус табылды. Пандемия башталгандан бери 83 миң 430 адам вирус жуктуруп алды.

Акыркы бир суткада 2 адам коронавирустан каза болду. Бул оорудан жалпы 1 миң 392 жаран көз жумду.

Ал эми бир сутка ичинде 124 адам айыкты. Март айынан бери 79 миң 373 бейтап вирустан сакайды.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 726 бейтап, үй шартында 1010 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 5 кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 4066 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM