Биз менен байланышыңыз

Трамп жаңы саясий партия түзүүгө ниеттенүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 609 | 0

Американын кызматын тапшырып берүү алдында турган президенти Дональд Трамп акыркы күндөрү жаңы саясий партия түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу «The Wall Street Journal» басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

Трамп партиясын «Мекенчил партия» деп атагысы келет. Ал бул маселени жардамчылары жана башка ишенимдүү адамдары менен талкуулаган.

Акыркы күндөрү Трамптын «республикачылардын» айрым лидерлери менен мамилеси начарлап кетти. Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл Трампты 6-январда Капитолийге болгон кол салуу үчүн айыптаган.

Бүгүн, 20-январда АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байдендин инаугурациясы өтөт. Ал 3-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жеткен.

Инаугурация жергиликтүү убакыт боюнча түштө башталат. Байден АКШнын 46-президенти катары ант берип, салтанат бүткөндөн кийин кызматына киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM