Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы «Балыкчы шаарына видеобайкоо орнотуу» долбоорун ишке ашырууда ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысын аныктады.
Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция менен «Н.С» аталышындагы жеке компаниянын ортосунда 2018-жылы Балыкчы шаарына видеобайкоо орнотуу долбоорун ишке ашыруу үчүн 10 млн сомго келишим түзүлгөн.
Бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 млн сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аппараттык комплекстер 2 млн сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.
Ошондой эле аткарылган жумуштардын наркы кошумча нарк салыгы менен кошо көрсөтүлөт, бирок компания кошумча нарк салыгын төлөгөн эмес. Натыйжада мамлекетке 3 млн сомго жакын суммада зыян келтирилген.
Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.