Биз менен байланышыңыз

Бүгүн АКШнын 46-президенти ант берет

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 638 | 0

Бүгүн, 20-январда АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байдендин инаугурациясы өтөт. Ал 3-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жеткен.

Инаугурация коронавирус пандемиясынан улам онлайн өткөрүлөрү буга чейин кабарланган. Конгрессмен Жеймс Клайберндин айтуусуна караганда, президенттин ант берүү аземинин 75-80 пайызы онлайн өтөт.

Байдендин атаандашы, өлкөнүн буга чейинки президенти Дональд Трамп 20-январда президенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогондугуна карабастан, шайланган президент Жо Байденге бийликти иреттүү өткөрүп берүүнү убада кылган.

Инаугурация жергиликтүү убакыт боюнча түштө башталат. Байден АКШнын 46-президенти катары ант берип, салтанат бүткөндөн кийин кызматына киришет.

Жо Байден инаугурациясынын алдында өзү туулуп-өскөн Делавэр штатында коштошуу сөзүн сүйлөдү.

Ал болочоктогу биринчи айым менен Делавэр шаарынын Нью-Кастл аэропортунан Мэриленддеги «Эндрюс» аскердик базасына барып, ал жерден Вашингтонго кетишти.

«Associated Press» агенттиги инаугурацияга Дональд Трамп катышпай турганын белгиледи. Ак үй Трамптын коштошуу видеосун Байдендин учагы «Эндрюс» авиабазасына конуп жаткан учурда жарыялады. Анда Трамп жаңы администрацияга бардык жакшылыктарды каалаган. Ошол эле маалда өзүнүн 20 мүнөттүк сөзүндө ал Байдендин аты-жөнүн бир да жолу атаган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM