Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын каттады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2021 | 527 | 0

Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-январда Орусия өндүргөн «Спутник V» вакцинасын каттоого алып, тиешелүү сертификат тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады.

Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле чукул колдонуу үчүн жактырылды.

Буга чейин «Спутник V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда чукул колдонуу үчүн каттоого алынган.

Түркмөнстан — COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктоочу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM