Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги Самара Каримова боюнча сот чечимине каршы арызданды

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 861 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримовага байланыштуу чыккан Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик Самара Каримованы Ош шаарындагы Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын директорлугуна кайтаруу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы экенин билдирди. Себеби ишти караган судья процессуалдык мыйзам бузууларга жол бергени айтылды.

Мындан тышкары, Каримованы кызматка кайтаруу боюнча ишке тиешеси бар кызматкерлерге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

«Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң, министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды», — деп айтылат маалыматта.

 

Copyright © 2017 Maral FM