Биз менен байланышыңыз

Самара Каримова: Мугалимдердин үстүнөн арызданган эмесмин

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 1787 | 1

Ырчы Самара Каримова бүгүн, 19-январда Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында жаңы жумуш ордунда отуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Каримова 15-январдан бери соттун чечими менен мыйзамдуу түрдө ишке орношконун айтты.

Ал буга чейин музыкалык окуу жайдын мугалимдеринин үстүнөн арызданганы айтылган. Ырчы муну четке кагып, окуу жайдын мугалимдери менен тил табышып иштеп кетерине ишеним билдирди.

«Мен окуу жайдын буга чейинки директору Нурлан Каримовдун үстүнөн арыз жаздым. Анткени анын сүйлөгөн сөзү менен кылган иши башка болуп жатат. Мындан тышкары башкы эсепчинин, кадрлар бөлүмүнүн башчысынын үстүнөн арыздандым. Алар печатты, документтерди менден бекитишип, эшиктерди бекитип, ачкычын жашырып, иштешиме тоскоолдук кылышты.  Мен 15-январдан тарта жумушума кайра бекитилген үчүн кайсы бир документтерге өз башым менен жооп берем да. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылууга туура келди. Менин жасагандарымдын баары мыйзамдуу», — деди Самара Каримова.

18-январь күнү кечинде окуу жайга ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирген. Ал окуяны социалдык тармактын колдонуучулары түз эфирде чагылдырышты.

Каримова менен кошо барган бир нече киши жетекчи олтурган бөлмөнүн эшигин бузуп, ачкычын алмаштырып кетишкен.

Ошол эле күнү Самара Каримованын арызынын негизинде музыкалык окуу жайдын мугалимдери шаардык милицияга суракка чакыртылганы айтылган.

Маалыматка караганда, арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (сот чечимин аткарбоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга кайрадан жетекчи болду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Сабина

    19.01.2021 12:34

    Ырдап эле журо бербейби Самара, муналимдердин баары 15 жылдап музыкант откушан адамдар болсо, Концерваториялардв окунание. Айлыкка 6 Кундоп 7-8 Саттар кунуно иштей алат бекон?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM