Марал Радиосу

Өткөн жылы Өзбекстанга 6,03 миллиард доллар акча которулду

2020-жылы Өзбекстанга сырттан 6,03 миллиард доллар акча которулду. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 17 миллион долларга же 0,3 %га көп экенин өлкөнүн Борбордук банкынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, Өзбекстандан сыртка жөнөтүлгөн акча каражатынын көлөмү 1,20 миллиард долларга жеткен.

«Бул 2019-жылга салыштырмалуу 157 миллион долларга же 15 %га көп», — деп айтылат маалыматта.