Марал Радиосу

Окуу китептери мындан ары 4 экспертизадан өткөрүлөт

Окуу китептери буга чейин 1 гана экспертизадан өтүп, басууга берилип келген болсо, мындан ары сапатын жогорулатуу максатында 4 экспертизадан өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» борбору уюштурган «Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптар» аттуу отурумда маалым болду.

Тегерек үстөлгө окуу китептеринин авторлору, келечекте автор болууну ниет кылган илимпоз-жазмакерлер жана басма үйлөрүнүн жетекчилери катышты.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин негизги милдеттеринин бири окуу китептеринин сапатын жогорулатуу экендигин белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү. Мындан ары окуу китептерин, окуу-усулдук комплекстердин сапатына жаңы түзүлгөн мекеме жооп берет», — деп билдирди.

Аталган мекеменин аткара турган негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:

Эскерте кетсек, буга чейин окуу китептерин Кыргыз билим берүү академиясы текшерип келген. Эми Билим берүү академиясы окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт.