Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап каза болду. Анын экөө Бишкекте, бир учур Ош облусунда катталды.
Коронавирустун жалпы өлүм учурлары 1390го жетти.
19-январга карата 90 адам коронавирус менен катталды. Кыргызстанда март айынан бери 83 миң 268 адамга вирус жукту.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 145 адам сакайды. Бул илдетти жеңгендердин жалпы саны 79 249 болду.
Акыркы суткада медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, эки медик айыкты.
COVID-19 4158 медкызматкерге жуккан, анын 4061и сакайды.