Марал Радиосу

Алексей Навальный 15-февралга чейин камакта болот

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды. Жактоочусу Вадим Кобзевдин маалыматы боюнча ал 15-февралга чейин камакта болот.

Мындай чечимди Москванын Химкинский шаардык соту кабыл алды.

Германиядан Москвага кайтып келген Навальный 17-январда «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ал 2020-жылдын август айында ууландырылганы үчүн Германияда дарыланып жаткан.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйга издөө жарыялаган. Федералдык кызмат Навальныйды кармоонун себебин «Ив Роше» компаниясындагы уурдоо жана «Шарите» клиникасынан чыккандан кийин көзөмөлдөн качуу боюнча шарттуу өкүмдү бузганы үчүн деп түшүндүрдү.

Саясатчы полиция бөлүмүндө өзүнүн тарапташтарына кайрылуу жасаган. Ал эч нерседен коркпоого, эркин болууга үндөгөн.