Марал Радиосу

Кыргызстандык мушкерлер Украинада биргелешкен машыгууга катышат

Бокс боюнча Дүйнө жана Азия чемпионаттарына даярдануу максатында Украинанын Киев шаарында Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү биргелешкен окуу-машыгуу жыйынын өткөрүшөт.

Машыгуу 15-январдан 5-февралга чейин болуп, ага мушкерлер Азат Үсөналиев менен Эркин Адылбек уулу барат.

Спортчулардын чыгымы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен каржыланат.