Марал Радиосу

Бишкекте каттамга чыккан маршруттук таксилердин саны аз болууда

Бүгүн, 18-январда кечки саат 18.00дөн кийин Бишкектин Совет көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги аялдамада маршруттук таксилердин саны аз болууда. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады.

Анда бирин-серин маршруттук такси жана троллейбустар каттоодо.

Бүгүн эртең менен бир топ маршрутка айдоочулары ишке чыкпай койгон. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларды иш таштабоого чакырган.

Маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат.