Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Айдоочулардын иш таштоосу, мэрдин ультиматуму

Коом | 18 Янв 2021 | 775 | 0

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары иш таштады. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу нааразычылыгын билдирүүдө. Бир канча күн мурда айдоочулар күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбаттаганынан улам, жол кирени 5 сомго көтөрүп, 15 сом кылууну мэриядан талап кылышкан. Бишкек мэриясы кичи автобустарга жол кире акысын көтөрүү маселесин карап чыгууга даяр экенин билдирген. Бирок, маршрутттук таксинин айдоочулары иш таштай турган болсо, ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып аларын эскерткен.

Жасмин Садыкова бүгүн маршруттук таксилерди күтүп отуруп, акырында атайын такси чакырууга аргасыз болгонун, мунун кесепетинен ишине жарым сааттан ашык кечигип барганын айтат.

«Мен эртең менен жумушка барайын деп, көпкө маршрутка күттүм. 5 мүнөт, 10 мүнөт, анан жарым саат өтүп кетти. Жумушка да кечигип жаткам, айласыздан такси чакырууга мажбур болдум. Байкашымча, бир-эки эле номердеги маршрутка каттап жатты. Мен күткөн маршрутка келбеди». 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасы аркылуу маршруттук каттамдын айдоочуларына кайрылуу жасап, жол кире акысын көтөрүү маселеси май айына чейин чечилерин билдирди. Ошондой эле ал айдоочулардын көйгөйүн жакшы түшүнөрүн, анткен менен өлкөдөгү кырдаалды эске алуу керектигин, бардык маселе өз эрежеси менен чечилиши зарылдыгын белгиледи.

«Силердин бүгүнкү көйгөйүңөрдү билебиз. Маршрурттук жол кирени 7 жылдан бери көтөрө элекпиз. Бирок силердин: «Жол киренин баасын азыр эле көтөрүп бергиле», — дегениңер туура эмес. Өзүнүн жараяны бар. Биз Экономика министрлигине сунуш беребиз, ал жерден анализин чыгарып беришет, анан шаардык кеңешке киргизебиз. Биз тарифти силер менен сүйлөшүп, элдин абалына жараша көтөрүп бергенге даярбыз, бирок ал үчүн кичине убакыт керек. Бери дегенде эле 1-1,5 ай Экономика министрлигинен анализ алышыбыз керек. Апрель айында шайлоо болот (Бишкек шаардык кеңешине-ред.). Ошол шайлоодон кийин, биз бул ишти май айына чейин чечкенге аракет кылабыз. Болгон чындык — ушул». 

Кайрылуунун соңунда шаар башчы иш таштаган айдоочулардан жумушка чыгуусун суранып, эгерде жумушка чыкпаса, айла жок линияга башка маршрут каттамдарын чыгарууга мажбур болорун эскертти.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын адиси Эржан Акматбековдин айтымында, белгисиз топ WhatsApp аркылуу айдоочуларды иш таштоого үгүттөгөн. Адис бул боюнча учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатканын, бүгүн коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурагандыктан, муниципалдык транспорт максималдуу иш алып барарын маалымдады.

«Коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Алардын кандайдыр бир бөлүгү бүгүн эртең менен ишке чыккан жок. Себеби кандайдыр бир топ WhatsApp группалардан коркутуу иретиндеги билдирүүлөрдү тараткан. Бул боюнча бардык маалыматтар жооптуу органдарга берилди. Азыркы тапта дээрлик басымдуу бөлүгү жумушка чыкты. 150гө жакын айдоочу нааразычылыгын айтып, азырынча жумушка чыга элек». 

Эртең мененки саат 07:30га карата маршруттук такси айдоочуларынын 45 пайызы гана жумушка чыккан. Мэриянын берген маалыматы боюнча, түшкө маал 1600дөн ашык транспорт иш алып барды.

Эске салсак, жол кире акысы акыркы ирет 2012-жылы 2 сомго көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө маршруттук таксинин жол киреси 10 сом, ал эми автобус, троллейбустун жол киреси 8 сомду түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM