Биз менен байланышыңыз

БШК аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын алууда

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 413 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алып бүтүп калды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай,  17-январга карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды:

Ош облусу  (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу);

Талас облусу  (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата);

— Жалал-Абад облусу  (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал);

— Нарын облусу  (Нарын шаары, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы);

— Ысык-Көл облусу  (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз);

— Чүй облусу  (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок);

— Баткен облусу  (Баткен шаары, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү).

Тапшыра элек аймактык шайлоо комиссиялары:

-Бишкек шаары;

-Ош шаары;

Ош облусу  (Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат);

Талас облусу  (Талас шаары);

Жалал-Абад облусу  (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул);

Нарын облусу  (Ак-Талаа);

Ысык-Көл облусу  (Ысык-Көл, Түп, Тоң);

Чүй облусу  (Ыcык-Ата, Москва);

Баткен облусу  (Кадамжай).

Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсеп боюнча талапкер Садыр Жапаров жеңишке жеткен. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуш берген күндөн 20 күн өткөндө чыгарылат.

Андан кийин инаугурация өтүп, шайланган президент кызматына расмий киришет.

Copyright © 2017 Maral FM