Биз менен байланышыңыз

Айрым маршрутка айдоочулары ишке чыккан жок. Түлөбаев айдоочуларга кайрылды

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 597 | 0

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары ишке чыккан жок. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 07:30га карата маршруткалардын 45 пайызы жумушка чыкты.

Мэрия бардык коомдук транспорт штаттык режимде ишин улантарын айтууда.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугушуп, жол кире акысын көтөрүү май айынча чейин чечилерин билдирди. Ал эгер маршруткалар ишке чыкпаса, линияга башка транспортту чыгарууга аргасыз болорун да эскертти.

Ошондой эле мэрия айдоочулардын көйгөйүн жакшы түшүнөрүн, алар да өлкөдөгү кырдаалды эске алышы керектигин, бардык маселе өз эрежеси менен чечилиши зарылдыгын айтты.

12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.

Маршрутка айдоочулары күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго жогорулатууну суранышкан.

Мэрия маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзгөнүн, бул маселе акырындык менен чечилерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM