Марал Радиосу

Бейшеналиев: Коронавируска каршы күрөштө министрлик чоң иш алып барды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде коронавируска каршы күрөштө министрлик чоң иштерди алып барганын билдирди.

Анын айтымында, учурда аймактар боюнча маалымат алынып турат.

«Ош шаарында 2 жумадан бери коронавирус же пневмония менен ооругандар каттала элек. Калган облустарда 1-3 учурлар гана катталууда. Медиктердин кылган иш-аракеттеринин үзүрүн көрүп жатабыз. Пандемияны көзөмөлдөп, иштелип чыккан алгоритм боюнча мектеп, университет, бала бакчалар ачылып баштады. Тийиштүү мекемелер санитардык эрежелерди, алгоритмди сактагандыктан, жеңишке жетип келе жатабыз», — дейт министр.

Бейшеналиев белгилегендей, илдеттин кесепетинен кыргыз эли кыркка жакын атактуу медиктеринен айрылып калды. Күндөн-күнгө оору жуктурган медкызматкерлердин саны азаюуда.