Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Өкмөткө учак билетинин бааларын көзөмөлдөөнү тапшырдым

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 2108 | 1

Өкмөткө Кыргызстандан Орусияга учуп жаткан учактардын билет баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Парламент» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусия тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу билеттин баасы бир топ кымбат жана керексиз документтер талап кылынып жатат.

“Орусия өкмөтүнүн талабына ылайык, чартердик рейстер менен учкан жүргүнчүлөргө атайын документтер талап кылынат. Ал эми туруктуу рейстерде болгону акыркы үч күндө тапшырган ПЦР анализи гана керек. Башка эч кандай документ талап кылынбайт. Ага карабастан авиакассалар же башка билет саткан жарандар “уруксат кагаз” алып беребиз деп, элден эбегейсиз акча талап кылышууда. Чындыгында ал документтер эч кимге кереги жок. Ар кандай шылтоолор менен бизнес жасап жаткан шылуундар бир билеттин баасын 70 —  80 миң сомго чейин сатышууда. Бул маселени чечүү үчүн, туруктуу рейстерди көбөйтүү менен билеттин баасын көзөмөлдөөнү өкмөткө тапшырдым», — деди Аида Касымалиева.

Ошондой эле ал маселени чечүү жолу оңой экендигин айтып, өкмөт көзөлгө алып, туруктуу каттамдарды көбөйтсө боло тургандыгын кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Махабат

    18.01.2021 08:11

    Мен10 баланын эне менен белетлерны наркы абдан ашык кеткен. Мены пикири ушундай 20-25 мингенден киши кереги жок булалар У жеринде барып иш жакши булса окча Топа олат бул маселе карыз бул кылат Киргизстон деп жумуш жок учуна Россияга кетиши калишяптир . Белетлерны арзандатуу керек

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM