Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 530 | 0

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан кабарлашты.

2020-жылдын декабрь айынын аягында Ош шаардык сотунун судьясы Саркарбаевди 2021-жылдын 16-февралына чейин УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ал УКМКнын тергөө органдары тарабынан «Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында жасалган документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча айыпталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1987-жылы 20-январда туулган Кыргызстандын жараны Кылычбек Саркарбаевге берилген паспорттун жасалма экендигин аныктаган.

Ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Сулайманов болуп турган кезинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» (Кадыр Досонов) менен тыгыз мамиледе болгон. 2006-жылдын июнь айында уурдоо фактысынын негизинде Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Аталган фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, Кылыч Саркарбаев ысымы менен жалпы жарандык паспорт алган. Жасалма документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясында дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча Кылыч Саркарбаев кармалган.

2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM