Марал Радиосу

Лондондо коронавируска байланыштуу убактылуу морг ачылды (сүрөт)

Улуу Британиянын борбору Лондондун түндүк-батышына дагы бир убактылуу морг ачылды. Бул тууралуу Лондондун мэри Садык Хан билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Чатыр сыяктуу курулган убактылуу морг атайын бөлүктөргө бөлүнүп, ар бир бөлүгүндө муздаткыч орнотулган. Ушул сыяктуу эле моргдор Улуу Британиянын башка шаарларында да пайда болууда.

Мэрдин айтымында, сөөк сактоочу жайлар барган сайын көбөйүп жатат. Пандемиянын биринчи толкунунда Лондондо мындай моргдордон төртөө ачылган. Акыркы маалыматтар боюнча аталган шаарда илдеттен жабыркагандардын саны 10 миңден ашты.