Марал Радиосу

Алмазбек Атамбаевдин биринчи китеби сатыкка чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин биринчи китеби сатыкка чыкты. Ал «Балалыктын сыйкырдуу бакчалары» деп аталат.

«Социал-демократтар» партиясынын тең төрагасы Темирлан Султанбековдун айтымында, бул эмгек Атамбаевдин түрмөдө жазган биринчи повести.

«Лирикалык, анекдотторго толгон жана ошол эле учурда олуттуу китеп окурманды жылуу эскерүүлөрдүн жээгине алып келип, турмуштун ар бир көз ирмемин баалап, кандайдыр бир кереметке ишенүүгө үндөйт», — дейт Султанбеков.

Атамбаевдин китеби «Раритет» дүкөндөрүндө сатылат.