Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Маршрутка айдоочулары иш таштаса, лицензиясы алынат

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 791 | 1

Бишкек мэриясы кичи автобустарга жол кире акысын көтөрүү маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда, маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, мэрия ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып аларын эскертти.

«Жүргүнчүлөрдү ташыган компанияларга эскертүү берилди. Кичи автобустардын айдоочулары митингге чыкса, лицензиясы алынат», — деди Бейшенбаев.

Мэрияда маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнү айтылган. Маршрутка айдоочулары күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго жогорулатууну суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM