Биз менен байланышыңыз

Токой чарба агенттигинин улук инспектору пара менен кармалды

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 496 | 0

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Жеке курулуш компаниялары социалдык жана соода объектилерин куруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу үчүн агенттиктин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына туруктуу түрдө акча берип турушкан.

Башкармалыктын кызматкерлери уруксат кагаздарын жана лицензияларды алууда жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500-5000 долларга чейин пара берүүгө мажбурлашкан.

14-январда мекеменин улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда бул ишке башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM